2023-жылдын 24-февралында Ош технологиялык университетинде биология илимдеринин доктору (кандидаты) илимий даражасын алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча Д 06.23.663 диссертациялык кеңешинин отуруму болуп өттү.
Диссертациялык кеңешке 17 мүчөсүнөн 16сы катышышты.
Күн тартибинде каралуучу маселе: Диссертанттардын ишин алдын ала кароо жана кабыл алуу, жана эксперттик комиссияны дайындоо: а) Темиркул кызы Каухардын «Чүй областынын жана Бишкек шаарынын жашыл бак-дарактарынын негизги зыянкечтеринин биоэкологиялык өзгөчөлүктөрү» деген темада 03.02.08 – экология адистиги боюнча биология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган диссертациясы. Илимий жетекчи КР УИАнын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор Токторалиев Б.А.
б) Абдуллаева Рахатай Айбековнанын «Органикалык кислоталарды (никотин) алуу үчүн тамеки өндүрүүнүн технологиясы” деген темада 06.01.09 – өсүмдүк өстүрүүчүлүк адистиги боюнча биология илимдеринин кандидаты илимий даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертациясы, илимий жетекчиси, биология илимдеринин доктору, доцент Самиева Ж.Т.
Жыйынды диссертациялык кеңештин төрагасы, КР УИАнын академиги, биология илимдеринин доктору, профессор Б.А.Токторалиев ачып, диссертациялык кеңештин мүчөлөрүн күн тартиби менен тааныштырды.
Диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы, биология илидеринин кандидаты, доцент Тешебаева Зулумкан диссертанттардын документтери менен тааныштырды:
Темиркул кызы Каухардын «Чүй областынын жана Бишкек шаарынын жашыл бак-дарактарынын негизги зыянкечтеринин биоэкологиялык өзгөчөлүктөрү» деген темада 03.02.08 – экология адистиги боюнча биология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн жазылган диссертациясы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жалпы биология, экология жана лабораториялык иштер кафедрасында аткарылган. 2022-жылдын 27-январында Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Жалпы биология, экология жана лабораториялык иштер кафедрасынын кеңейтилген жыйынында каралып, талкууланып, диссертациялык кеңеште коргоого сунушталган. Талкуунун протоколуна б.и.к., доц. Токтосунова Т.А. кол коюп, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кадрлар бөлүмүнү башчысы Шайнакова А. тарабынан күбөлөндүрүлгөн. Арыз ээсинин аттестациялык делосунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан талап кылынган бардык документтер камтылган жана документтери, диссертациялык иши, авторефераты Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына туура келет. Изилдөө темасы боюнча диссертант тарабынан 17 илимий макала жарыяланган, анын ичинде 8сү чет элдик басылмаларда (Россия, Варшава) жарык көргөн. Диссертациянын темасы боюнча илимий макалардын жалпы баллы 213 баллды түзөт.
Кабыл алууга сунуш кылынган 2- кандидаттык диссертация – Абдуллаева Рахатай Айбековна «Органикалык кислоталарды (никотин) алуу үчүн тамеки өндүрүүнүн технологиясы” деген темада 06.01.09- өсүмдүк өстүрүүчүлүк адистиги боюнча биология илимдеринин кандидаты илимий даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертация, илимий жетекчи, биология илимдерини доктору, доцент Самиева Ж.Т.
Диссертациялык иш акад. М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун «Табигый-техникалык илимдер» кафедрасында аткарылган, 2022-жылдын 2- сентябрь айында Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун илимий техникалык кеңешмесинде кеңейтилген тариздеги жыйынында каралып, талкууланып, диссертациялык кеңеште коргоого сунушталган.
Арыз ээсинин аттестациялык делосунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан талап кылынган бардык документтер камтылган жана документтери, диссертациялык иши, авторефераты Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобонун талаптарына туура келет. Изилдөө темасы боюнча диссертант тарабынан 18 илимий макала жарыяланган, анын ичинде 8сү чет элдик басылмаларда (Россия, Казахстан) жарык көргөн. Диссертациянын темасы боюнча илимий иштердин жалпы баллы 220 баллды түзөт.
Жыйындын жүрүшүндө диссертанттардын кандидаттык иштери боюнча эксперттик комиссия түзүлүп сунушталды.
Диссертациялык кеңеш отурумда төмөндөгүдөй токтом кылды:
- Алгачкы кароого Темиркул кызы Каухардын жана Абдуллаева Рахатай Айбековнанын кандидаттык диссертациялары кабыл алынсын.
- Темиркул кызы Каухардын жана Абдуллаева Рахатай Айбековнанын кандидаттык диссертациялык иштери боюнча эксперттик комиссиянын курамы бекитилсин.