ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжинин математика жана статистика кафедрасынын окутуучулары үчүн областык билим берүү институту тарабынан “Математиканы окутуунун теориясы жана методикасы” деген темада семинар өткөрүлдү.
Семинарда окутуучулар, математика сабагын кесиптик тармактарга багыттап окутуу жана заманбап технологияларды пайдаланып сабак өтүү усулдары менен кенен таанышып, педагогикалык билимдерин бышыкташты.
Жыйынтыгында семинардын катышуучуларына сертификаттар тапшырылды.