ОшТУнун Технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин жашоо-тиричилик коопсуздугу жана гуманитардык технологиялык колледждин геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук кафедралары тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү менен студенттердин жолугушуусу өткөрүлдү. Иш чарага КР ӨКМ куткаруу отрядынын кызматкерлери жана Ош шаардык башкармалыгынын өкүлдөрү, аталган эки кафедранын жамааты жана бул багытта билим алып жатышкан студенттер катышышты. Жолугушууда “Туркия апаатынын көйгөйлөрү” аттуу теманын алкагында талкуу жүрүп, өзгөчө кырдаалдарда коргонуу боюнча адистер студенттерге көптөгөн маалыматтарды беришти. Мында калк арасында өзгөчө кырдаалдар орун алган учурда жөнөкөй жарандар эмне кылуу керек, куткаруучулар кайсы учурда кандай жардам көрсөтүп, куткаруу керек экендиктери жөнүндө айтылды.
Жолугушууда 6-февралдагы Туркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштерине барып келишкен ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү өздөрү күбө болгон окуялар тууралуу студенттерге кеңири айтып беришти.
2023-жылдын 6-февраль Түркия мамлекетинин аймагында болуп өткөн жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштерине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу тобунда кызмат өтөп келгендиги үчүн ОшТУнун бүтүрүүчүлөрү Ош технологиялык университетинин Ардак грамотасы менен сыйланышты:
- Кушбаков Курманбек Турсунбаевич – ЗЧС-02 тайпасынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын автомобиль кызматынын башчысы, майор;
- Бекташов Манас Маматжанович – ЗЧС-06 тайпасынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан мобилдик-куткаруу отрядынын командири, майор;
- Мадиев Жылдызбек Эркинбаевич – Гуманитардык-технологиялык колледжинин ЗЧС-18(11) тайпасынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан мобилдик-куткаруу отрядынын 1-мобилдик куткаруу тобунун нускоочу – улук суучулу, прапорщик;
- Джаанбаев Мухаммед Таалайбекович – Гуманитардык-технологиялык колледжинин ЗЧС-18(9) тайпасынын бүтүрүүчүсү, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын коммуналдык пайдалануу кызматынын кампа башчысы, прапорщик.
КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Россия мамлекети атуулдук коргонуу багыты боюнча адистерди даярдай баштаган. Андан соң биздин мамлекетте, биздин окуу жайда Өзгөчө кырдаалдарда коргоо адистиги ачылган. Бүгүнкү күндө Ош технологиялык университети даярдап чыгарган инженер-куткаруучулар өз адистиктери менен алыскы жана коңшулаш мамлекеттерде ийгиликтүү эмгектенип жатышат.