Ош технологиялык университетинде билим алып жаткан чет элдик студенттердин арасында акыл-таймаш интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Оюндун максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого жана тышкы иштер министрлигинин мыйзамын жайылтуу болуп эсептелет.
Бул таймашка архитектура жана курулуш факультети, табигый техникалык факультети, технология жана жаратылышты пайдалануу факультети, энергетика факультетинин студенттери катышты. Мында мамлекеттин мыйзамдарына тиешелүү болгон суроо-жооптор болуп, студенттер өздөрүнө тиешелүү болгон мыйзамдардын аткарылышы тууралуу талкуулар болду.
Активдүү катышкан студенттер акчалай сыйлыкка ээ болуу менен бирге Кыргызстандын түштүк аймагындагы 2023-жылдын 27-февралында өтүүчү ЖОЖдор арасындагы Брейн-Ринг акыл-таймашына жолдомо алышты.
- Расылов Мухамед-ХТ-1-21;
- Бактиеров Жамшид-ТПСХП-1-20;
- Кучкаров Шабданбек-ХТ-2-20;
- Матмуратов Шукурбек-ПГС-1-20;
- Монкобаев Абдукайым-ПГС-1-20;
- Турдалиев Мухамадюсуф-СТР-1-21