Ош Технологиялык Университетинин корей борборунун окутуучусу, профессор Лим Ён Шиг мындан төрт жыл мурун япон маданиятынын символу болгон сакура дарагынын 90даана көчөтүн Ош шаарына алып келип отургузган. Бүгүнкү күнгө чейин отургузулган көчөттөр көктөп өсүүсүн токтоткон эмес. Лим Ён Шиг мырза шаардагы көрктөндүрүү жана жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасына сакура дарагынын көчөттөрүн белекке берип, учурда шаарды көрктөндүрүү боюнча дагы иштер жүрүүдө.
Сакура дарагынын көчөттөрү биздин университетке дагы белекке берилип, үч корпустун алдына отургузулду. Көчөттөрдү отургузууга университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев баштаган бардык проректорлор катышып, Лим Ён Шиг мырзага ыраазычылык билдиришти.
Биздин университетте Лим Ён Шиг агай көп жылдан бери эмгектенип, корей тилин үйрөнүүнү каалаган бардык студенттерге жана окуучуларга тил үйрөтүп, эки өлкөнүн ортосунда жогорку окуу жайлар арасындагы академиялык мобилдүүлүк боюнча иштерди аткарып келет. Кыргыз тилинде эркин сүйлөп, обондуу кыргыз ырларын аткара алат, жергиликтүү элдер менен тез эле тил табышып, окуу жайдын жамааты менен да мамилеси абдан жакшы.