Ош технологиялык университетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнүн урматына арналган майрамдык салтанат өткөрүлдү. Биздин окуу жайда мекенди коргоочуларды жыл сайын куттуктап, жетекчилик тарабынан грамоталар жана белектер тапшырылып келет. Бул жылы алгач майрамдык салтанатка жооптуу болгон кибернетика жана маалыматтык технологиялар факультетинин жамааты тарабынан конокторго актылар залынын кире беришинен кадимки аскерлердин тамагын тартуулашты. Кече майрамдык шаң менен башталып, университеттин ректору Ж. Ж. Турсунбаев катышуучуларды бүгүнкү мекенди коргоочулар күнү менен куттуктады. Сахнада жоокер ырлары ырдалып, патриоттук сезимдеги музыкалар ойнолуп, конокторго жагымдуу маанай тартууланды. Университеттин өнүгүшүнө салым кошуп келе жаткан агайларга майрамдын урматына грамоталар жана белектер тапшырылды.
2003-жылдан баштап Кыргыз мамлекетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнү катары календарда кызыл дата менен белгиленип келет. Кыргыз өкмөтү тарабынан атайын токтом кабыл алынып, өсүп келе жаткан муунду мекенчилдикке тарбиялоо максатында бул күндү Ата Мекенди коргоо күнү деп кабыл алышкан.