Ош шаарынын Таберик ресторанында Ош технологиялык университетинин студенттер үйүнүн жашоочулары жолугушуу кечесин өткөрүштү. Жолугушууга жатакананын коменданты, кызматкерлери, жаштар иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору, жатаканада жашаган студенттер катышышты. Кечеде биздин окуу жайда билим алып, окуу жайдын жатаканасында жашаган бардык курстардын студенттерин жаштар иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Р. Ыдырысов жана студенттер үйүнүн коменданты С. Жусубалиев бүгүнкү майрамдык кече менен куттукташып, студенттик жатаканада эң мыкты жактарын көрсөтүп, кийинки курстарга жашоосу жана жүрүш-турушу менен үлгү болгон студенттерге грамоталар жана сыйлыктарды тапшырышты. Иш чаранын негизги максаты, адамдар ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө, жаштар арасындагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу болуп эсептелет.
Студенттик доордогу эч нерсеге алмашкыс, кайра кайтарып ала албай турган кубанычтуу күндөрдүн катарын жатаканадагы студенттик жашоо толуктайт. Чоң турмушка сапар алып, билим алуу менен бирге жашоонун өйдө-төмөн учурларын кошо өткөрүп, жалындаган жаштыктын кереметтүү мезгилдери дал ушул жерде өтөт. Биздин университетте билим алып, жатаканада жашап, акыры эңсеген адистикке ээ болуп, окуу жайды бүтүрүп жаткан бүтүрүүчү курстардын студенттери жаңыдан университет босогосун аттап, студенттик жашоону жатаканадан баштаган студенттерге үлгү болорлук кеп-кеңештерин айтышып, алардын кийинки жашоолоруна ийгилик каалашты.
ОшТУнун жатаканасы шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн тибинде салынып, жалпысынан 500 орунга ылайыкталган. Мында биринчи кезекте, алыскы райондордон келген күндүзгү бөлүмдүн студенттери жайгаштырылат. Ошондой эле, жатаканага муктаж болгон студенттер дагы окуу жайга жанаша жайгашкан жатаканада жашоого мүмкүнчүлүк алышат.