Гуманитардык-технологиялык колледжинин математика жана статистика кафедрасынын жамааты тарабынан биринчи курстун студенттери үчүн алардын алган билимдерин сыноо жана интелектуалдык деңгээлин көтөрүү максатында “Акыл ордо” оюну өткөрүлдү. Сынак студенттердин жан дүйнөсүн кеңейтүү, интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, логикалык ой жүгүртүүсүн, тапкычтыгын, окуу жайга болгон кызыгуусун арттыруу жана студенттер ортосундагы достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулуп, бул иш чарага колледждин бардык адистиктеринин студенттери катышты.
Жыйынтыгында, биринчи орунга Рахманбердиев Аман, ПД-1-22 (9) тайпасынын студенти, экинчи орунга Эркебаев Абдышүкүр, ЭС-1-22 (9) тайпасынын студенти, үчүнчү орунга Ысламова Замира АРХ-1-22 (9) тайпасынын студенти ээ болушту. Колледждин жана кафедранын жетекчилиги тарабынан алдыңкы орунду камсыз кылган студенттерге дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.