13-18-февраль аралыгында ОшТУда Америка эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID), Кыргызстандагы Ага Хан фонду жана жеке ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) “Жергиликтүү өнүгүү” аттуу долбоордун алкагында студенттердин арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча семинар-тренинг өткөрүлдү.
Бул семинарда студенттер тарабынан ОшТУнун бизнес-инкубаторунда даярдалган бизнес-идеяларды камтыган долбоорлор сунушталды. Бул аткарылган иштер комиссия тарабынан текшерилип, мыкты бизнес идеяларды камтыган беш долбоор мыкты деп табылды. Жыйынтыгында, бул 5 иштин ичинен 2 мыкты бизнес долбоорго 2000$ өлчөмүндө колдоо көрсөтүлмөкчү.