Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан “Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили” аттуу жарыяланган фестивалдын алкагында Ош технологиялык университетинин китепкана жамааты эне тил күнүнө арналган кече уюштурду. Кече “Эне тил – улут уюткусу” деп аталып, бул иш чарага ОшТУнун жетекчилиги, Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана студенттер катышышты. Университеттин мамлекеттик тил боюнча проректору А. З. Зулпуев катышуучуларды эне тил күнү менен куттуктап, ар бир улуттун өзүнүн эне тили ыйык экендигин белгиледи. Иш чарага келген акын жана жазуучу З. Пасанова өзүнүн керемет ырларын окурмандарга тартуулады. Студенттер тарабынан ар кайсы улуттун тилдеринде көркөм окуулар окулуп, ырлар жаңырды. Ал эми бүгүнкү кеченин максаты, мамлекеттик жана эне тилге аяр мамиле кылуу, ар бир улуттун улуттук баалуулуктарын, рухий дөөлөттөрүн, маданий жана тарыхый мурастарын мамлекеттик тилде даңазалоо болуп эсептелет.
Ар бир тил өзүнө ыйык, өзүнчө керемет. Дүйнөдө канча тил болсо, ошол тилде сүйлөгөн улуттун баары өз эне тилинин түбөлүктүүлүгүн көздүн карегиндей сактоого, урпактарга улуу мурас кылып берүүгө аракеттерин жасап келет. Кыргыз эли да улуу эл катары өз эне тилинин түбөлүктүүлүгү үчүн бир топ тарыхый оор кырдаалды башынан өткөргөн. Мындай тарыхый мурастын бүгүнкү күнү да учугун үзбөй улантып, жаштарга ата-баба мурас калтырып кеткен эне тилинде сүйлөөгө багыт берүү учурдун негизги талабы болуп саналат.