Гуманитардык-технологиялык колледжинин математика жана статистика кафедрасында ата-энелер жана иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга кафедранын жалпы жамааты, статистика адистигинин студенттери, ата-энелер жана иш берүүчүлөр катышышты.
Кафедра башчысы, Зикирова Г.А. тарабынан бүгүнкү күндө кафедра даярдап жаткан адистик боюнча, студенттер, окуу жайдагы түзүлгөн шарттар, келечектеги коюлган пландар, алардын аткарылышы тууралуу маалыматтар берилди.
Ош шаардык статистика башкармалыгынын жетектөөчү адиси Бурканбекова У.Т. бул адистиктин коомдогу орду, учурдагы статистикалык талдоолор жана өндүрүшкө тийгизген таасири тууралуу айтып беришти. Мындан сырткары, ата-энелер тарабынан да окуу процессине тишелүү суроолор, сунуштар талкууланды. Студенттер тарабынан суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.
Өлкөбүздүн келечеги үчүн мыкты адистерди даярдоодо бир гана окуу жай эмес ата-энелердин дагы ролу абдан чоң. Үй-бүлөдөгү тарбия менен окуу жайдын ортосундагы байланыш тыгыз болгондо коомго пайдалуу мыкты адистер даярдалып чыгат.