Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Индиянын Өкмөтүнө караштуу Маданий байланыштар боюнча кеңеши (ICCR) 2023-2024-окуу жылына Индия маданиятын анын ичинде бий, музыка, театр, аткаруу искусствосу, скульптура, Индиянын тилдерин, Индия тамак-ашын жасоону ж.б. үйрөнүү үчүн Лата Мангешкар атындагы бий жана музыкалык стипендиялык программасын дүйнө өлкөлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн 100 стипендиялык квотасын берип жатканын кабарлайбыз.
Аталган стипендиялык программага катышууну каалагандар 2023-жылдын 20-февралынан тартып жеткиликтүү боло турган http://a2ascholarships.iccr.gov.in шилтемеси аркылуу онлайн катталуудан өтүшү керек.
Стипендияга тапшыруунун жол-жобосу боюнча толук колдонмо, анын ичинде жүктөлө турган документтер/сертификаттар, жалпы критерийлер, университеттердин тизмеси, ж.б. жогоруда аталган порталда жеткиликтүү. Тандалган талапкерлерге эки тарапка авиа билет, ошондой эле курска катышуу үчүн стипендия берилет. Талапкерлер 2023-жылдын 10-апрелинен кечиктирбестен вебсайтка жүктөлгөн документтердин көчүрмөлөрү менен бирге толтурулган арызды Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине жөнөтүшү керек.