Гуманитардык-технологиялык колледжинин математика жана статистика кафедрасынын жамааты тарабынан, математикалык таймаш өткөрүлдү. Иш чарага колледждеги геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук, инженердик курулуштарды куруу жана эксплуатациялоо, имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо, статистика адистигинде билим алып жатышкан студенттер катышып, өздөрүнүн жаратмандыгын көрсөтүштү.
Ар бир адистиктин командалары конкурстун шартына ылайык бардык тапшырмаларды аткарышты.
Жыйынтыгында, биринчи орунду геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук адистигинин студенттери, экинчи орунду статистика адистигинин студенттери, үчүнчү орунду имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо адистигинин студентери камсыз кылышты.
Жеңүүчү командаларга дипломдор жана белектер берилип, иш чаранын негизги демилгечиси жана модератору, Жусуева Мерниса эжекеге жетекчилик тарабынан ыраазычылык айтылды.