Бүгүн ОшТУнун ректору Ж.Турсунбаев университеттин Америка маалыматтык ресурстук борбору жана Кытай борбору, Корея борборунда эмгектенген чет элдик окутуучулар менен жолугушуу өткөрүп, жүрүп жаткан иштер жана алдыдагы пландар туурасында пикир алышты.
ОшТУда окуган студенттердин артыкчылыгы, студенттер сабактан кийин аталган борборлордон акысыз англис, кытай жана корея тилдерин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алышат.