Университеттин жалпы жамааты бир күндүк айлык акысын Турциядагы жер титирөөдөн жабыр тарткан элге жардам катары которду. Учурдагы дүйнө элинин көңүлүн буруп жаткан жаратылыш кырсыгы орун алган аймакта миңдеген жарандар үй-жайынан ажырап, жалпы адамзаттык колдоого муктаж болуп турган чакта биздин университеттин жамааты дагы жардам катары демилге көтөрүшкөн. Окуу жайдагы факультеттердин декандары, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери чогулуп, жалпы административдик кеңеште бир күндүк айлык акыны которуп берүү чечимин кабыл алышты.
2023-жылдын 6-февралына караган түнү Турцияда түндө күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө катталып, бир канча шаарда үйлөр кулап калган. Зилзаланын очогу Кахраманмараш провинциясында экени айтылды. Жалпысынан жер төрт ирет титиреген. Силкинүүдөн бир катар шаарларда үйлөр урап, алдында адамдар калганы кабарланган.