Гуманитардык-технологиялык колледжинин студенттери үчүн Кызыл Ай коому тарабынан жугуштуу ооруларды алдын алуу, алгачкы жардам көрсөтүү боюнча мастер класс жана эл аралык гуманитардык укук боюнча студенттерге маалымат берүү максатында иш чара өткөрүлдү.
Илим жана техниканын өнүгүшү менен адамзат жашоосундагы жеке адамдык баалуулуктар жоголуп бараткансыйт. Бүгүнкү иш чарада студенттерге бири-бирине кайрымдуу болууга, кыйын учурларда жардам берүүгө, бирөөнүн укугун тебелеп, зордук кылбоого жана эң негизгиси, жеке адамдык баалуулуктарды унутпоого чакырган маалыматтар берилди. Мындан сырткары Кыргызстандагы Кызыл Ай коомунун жалпы ишмердүүлүгү, максаты жана аткарган иштери тууралуу айтылды. Колледждин жетекчилиги тарабынан Кызыл Ай коомунун өкүлдөрүнө бүгүнкү жолугушууну уюштуруп, студенттерге багыттоо иш чара өткөрүп бергендиктери үчүн ыраазычылык билдирилди.
Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай коому өлкөнүн бардык аймактарында иш алып барып, калкка ар кыл багытта жардам көрсөткөн гуманитардык уюм. РСККнын 7 облустук, 1 шаардык жана 38 райондук бөлүмдөрү бар, алар өлкөдөгү эң байыркы гуманитардык уюм болуп саналат. Ал 4 негизги багыт боюнча иштейт: саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү жана кесепеттерин жоюу, калктын социалдык аялуу катмарына жардам көрсөтүү, уюштуруучулук өнүгүү жана эл аралык байланыштар.