ОшТУнун эл аралык бөлүмү жана бизнес-инкубатору университеттин тандалып алынган 30 студенти үчүн 1 аптага уланган бизнес-тренинг баштады. Тренингдин жыйынтыгында студенттердин жеке ишкердүүлүк боюнча 2 студенттин алдыңкы 2 долбоору тандалып алынып, 2 миң долларга чейинки көлөмүндө каржы чыгымы бөлүнүп берилет жана катышуучуларга сертификаттар ыйгарылат.
Бул сыяктуу тренингдер дагы уланып, университеттин жаш чыгаан стартаперлерин эл аралык деңгээлдеги бизнес форумдарга катыштыруу үчүн уюштурулуп, даярдыктарды көрөт.