ОшТУнун жаштар иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин уюштуруусу менен Ош аймактык жаштардын өз ара жардамдашуу тобунун өкүлдөрү биздин окуу жайга келишип, студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуунун негизги максаты жаштар арасындагы ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, бири-бирине жардамдашуу аркылуу коомдо өз ордун татыктуу табууга багыт берүү, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө болуп саналат. Иш чаранын жүрүшүндө студенттерге бул топтун негизги максаты, жасап жаткан иш-аракеттери тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Бул топко мүчө болууну каалаган ар бир студент үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул топко мүчө болуу менен ар бир катышуучу бири-бирине ар тараптуу, психологиялык-социалдык жардам көрсөтүү менен бири-бирин бардык кырдаалда колдой алышат. Жанындагы адамдардын колдоосу менен жакшы ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.
Жаштар – коомдук түзүлүш, маданият, социалдаштыруу мыйзам-ченеми, учурдагы коомду тарбиялоо менен аныктала турган жаш өзгөчөлүгүнүн, социалдык абалынын жана башка социалдык-психологиялык өзгөчөлүү шарттарынын негизинде өзүнчө бөлүнүп турган социалдык-демографиялык топтордун бири. Ар бир өлкөнүн келечеги учурда тарбияланып жаткан муундун тарбиясынын, жашоого жана коомго болгон көз карашынан жана жүрүш-турушунан толук көз каранды. Андыктан, кылымдарды карыткан кыргыз тарыхындагы өлкөбүздүн келечеги үчүн азыркы кыргыз жаштарын татыктуу тарбиялоо ар бирибиздин милдетибиз.