Учурда эл аралык билим берүү тармагында жогорку окуу жайлардын эл аралык рейтингге катышуусу жана билим сапатынын деңгээли, академиялык бедел абитуриенттердин окуу жайларды тандоосу, иш берүүчүлөрдүн окуу жайга берген баасы, илимий макалалар актуалдуу маселелерден болууда. Бул багытта бүгүн Ош технологиялык университетинде “Веб импакт, академиялык репутация, ОшТУнун QS рейтингине кирүүдөгү ролу жана ага кирүүгө даярдык” – аттуу темада семинар болуп өттү. Мында ОшМУнун рейтинг секциясынын башчысы Тотобаев Максат практикалык мазмундагы баяндама жасады. Ошондой эле, баяндамачы бүгүнкү эл аралык рейтингдин келечекте билим берүүгө тийгизген таасири, өнүгүүгө карай көрүлгөн иш-аракеттер жөнүндө да белгилеп өттү.
Ош технологиялык университети өлкөбүздүн башка окуу жайларындай эле заман талабына ылайык билим берүүдө жана илимий долбоорлорду аткарууда эл аралык деңгээлдин талабын аткарууга аракет кылып келет. Бул багытта ар кандай эл аралык келишимдер түзүлүп, илимий иштер жазылып, корголууда.
Семинар мазмундуу суроо-жооптор менен коштолуп, алдыдагы максат, милдеттер айтылды.