Германия мамлекетинен Ош технологиялык университетине Кыргызстандык студенттердин жайкы каникулдук ишин эки тараптуу пайдалуу жана натыйжалуу өткөрүү, өз ара немецтик-кыргызстандык алакалардын жаңы деңгээлин түзүү максатында атайын өкүлдөр келишти.
ОшТУ менен Германиянын окуу жайларынын ортосунда академиялык мобилдүүлүк боюнча иш чараларды уюштуруу жана студенттерди практикалык иштерге тартуу боюнча маселелер сүйлөшүлдү. Бул багытта алгачкы иш чараларды уюштуруу жана студенттерге тил үйрөтүү боюнча макулдашылды.