Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин окутуучулары кесиптик чеберчилигин жогорулатышты. Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасынын окутуучулары Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында социалдык иш багытында өздөрүнүн окутуудагы квалификациясын жогорулатуу менен бирге тажрыйба алмашышты.
Жыйынтыгында жогоруда аталган башкармалыктын башчысы К.А. Абдуллаев окуу жайдын жамаатына ыраазычылык билдирип, сертификаттарды тапшырды.
Социалдык технологиялар жана коомдук илимдер кафедрасы буга чейин дагы бул сыяктуу иш чараларды өткөрүп келет. Студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоодо кафедранын жасаган иш аркеттери билимдүү адистерди даярдоого өбөлгө түзөт.