Ош технологиялык университетинде Корей борборунун жазгы семестринин ачылуу аземи болуп өттү. Аталган иш чарага окуу жайдын жалпы жамааты, Корей борборунун окутуучулары, студенттер жана мектеп окуучулары катышышты. Корей тилиндеги ырлар жаңырып, корей маданиятын чагылдырган бийлер бийленип катышуучуларга жагымдуу маанай тартуулашты. Корей борборунун жамааты тарабынан университет жетекчилигине ыраазычылык айтылды.
Окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, доцент Мамытов Улукбек Жанышович куттуктоо сөзүндө корей тилин үйрөнүүчүлөргө ийгиликтерди каалады.
Кабыл алуунун жыйынтыгында жалпы 222 студент катталып, алардын ичинен 161 мектеп окуучусу (8-9-10-11-класстар) жана 61 студент (Ош шаарындагы ЖОЖдун студенттери) катталышты. Катталуучулар менен маектешүү корей тил мугалимдери тарабынан кыргыз, орус, англис тилдеринде жүргүзүлүп, 100 студент (мектеп окуучулары жана студенттер) тандалып алынды.
Корей борбору биздин окуу жайда мындан бир топ жыл мурун ачылып, Корей тилин студенттерге, окуучуларга үйрөтүүдө көптөгөн иштерди жүргүзүп келет. Башка элдин тилин үйрөнүү үчүн сөзсүз ошол элдин маданиятын үйрөнүү зарыл. Ошондуктан бул борбордо билим алып жатышкан студенттер бир эле тил үйрөнүү менен гана чектелбестен ал улуттун маданиятын дагы кошо үйрөнүшүүдө. Бул борбордон билим алган студенттер республикалык ыр сынактарда бир нече жолу жеңүүчү болуп, байгелүү орундарды камсыз кылышкан. Ошондой эле, бул борбор аркылуу биздин студенттер Түштүк Корея мамлекетине мобилдүүлүк программасы боюнча билимдерин улантып жатышат.