2023-жылдын 30-январында М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде биология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча Д 06.23.663 диссертациялык кеңешинин биринчи отуруму болуп өттү (тең түзүүчүлөрү: Ош мамлекеттик университети жана Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети).
Күн тартибинде эки маселе каралды:
1) Отурумдун ачылышы. Иштөө регламенти.
2) Ар түрдүү маселелер.
Отурумду Ош технологиялык университетинин ректору, доцент Ж. Ж. Турсунбаев ачып, диссертациялык кеңештин ишмердүүлүк багытынын маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгилеп, КРП УАК нормаларын жана талаптарын сактоого чакырды, ошондой эле кеңештин бардык мүчөлөрүнө ийгилик каалады.
Биринчи маселе боюнча диссертациялык кеңештин төрагасы, академик Б. А. Токторалиев сөз сүйлөп, катышуучуларды КРП УАКнын 11.01.2023-жылдагы №74 буйругу менен тааныштырды.
ОшТУнун алдындагы Д 06.23.663 диссертациялык кеңеш КР Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиянын 11-январь 2023-жылдагы 74-буйругу менен бекитилген.
КРП УАК буйругуна ылайык диссертациялык кеңешке адистиктер боюнча диссертацияларды коргоого кабыл алууга уруксат берилген:
а) 06.01.07 – өсүмдүктөрдү коргоо адистиги боюнча биология илимдеринин доктору (кандидаты) окумуштуулук даражасын изденип алууга;
б) 03.02.05 – энтомология, 03.02.08 – экология, 06.01.09 – өсүмдүк өстүрүүчүлүк, 06.03.02 – токой таануу, токойчулук, токой чарбасын жөнгө салуу жана токой таксациясы адистиктери боюнча биология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алууга.
Диссертациялык кеңештин мүчөлөрү он жети адамдан куралып, алардын ичинен алты адам чет элдик окумуштуулар:
1.Сагитов Абай Оразович – Казакстан Республикасынын УИАнын академиги, б.и.д., профессор, ЖЧК Ж. Жиембаев атындагы Казакстан илимий-изилдөө өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин институтунун илимий кеңешчиси;
- Карпун Наталья Николаевна – б.и.д., доцент, Россия илимдер академиясынын субтропикалык илимий борборунун Федералдык изилдөө борбору, өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн башкы илимий кызматкери;
- Кожевникова Алевтина Григорьевна – б.и.д., профессор, Ташкент мамлекеттик агрардык университети, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин кафедрасынын профессору;
- Пономарев Василий Иванович – б.и.д., Россия илимдер академиясынын Уралдагы бөлүмү, Ботаника багынын директорунун илимий иштер боюнча орун басары;
- Уразгельдин Руслан Вилисович – б.и.д., доц., Россия илимдер академиясынын Уфадагы Федералдык изилдөө борбору, Биология институтунун окумуштуу катчысы, токой таануу лабораториясынын жетектөөчу илимий кызматкери.
- Хантемиров Рашит Мигатович – Россия Илимдер академиясынын Уралдагы бөлүмүнүн өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын экологиясы институту, дендрохронология лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери;
- Токторалиев Б.А. – КР УИАнын академиги, профессор, б.и.д., КР УИА Биология институтунун П.А.Ган атындагы токой изилдөө илимий-өндүрүштүк борборунун экология жана токойду коргоо лабораториясынын башчысы, М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин экология жана айлана чөйрөнү коргоо кафедрасынын профессору;
- Худайбергенова Б.М.- КР УИАнын башкы окумуштуу катчысы, УИА мүчө-корр., б. и. д.
- Тажибаев А. Т., б.и.д., доц. ОшМУнун ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуунун усулу каф. Профессорунун милдетин аткаруучу;
- Шамшиев Б. Н.- а-ч.и.д. проф. ОшТУ;
- Смаилов Э. А.- а-ч.и.д., проф. ОшТУнун акад.Б.М.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялар жана билим берүү институтунун илимий иштер боюнча директорунун орун басары.
- Танаков Н. Т.- а.ч.и.д., доц. ОшТУнун илим жана инновациялар боюнча проректору;
- Сакбаева З.И.- б.и.д., Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окуу бөлүмүнүн башчысы, география каф.доценти;
- Самиева Ж.Т.- б.и.к. доц. Б.сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университети, “Инновациялык технологиялар” илимий-изилдөө институтунун директору;
- Тешебаева З. А.- б.и.к., доц. ТжЖПФнин деканынын милдетин аткаруучу
- Эрматова В. Б.- б.и.к., ОшМУнун агрономия жана колдонмо геодезия кафедрасынын доценти
- Ташматова Н. К.- а.ч.и.к., ОшМУнун биохимия жана патологиялык физиология кафедрасынын улук окутуучусу.
Диссертациялык кеңештин төрагасы б.и.д., академик Токторалиев Б. А., төраганын орун басары Тажибаев А. Т. – ОшМУнун профессорунун милдетин аткаруучу, окумуштуу катчы – Тешебаева З. А. ОшТУнун доценти, технология жана жаратылышты пайдалануу факультетинин деканынын милдетин аткаруучу.
Ошондой эле диссертациялык кеңештин иш регламенти, акыркы нускамалар жана жоболор талкууланды.