Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү
Ош технологиялык университетинин илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын “Илим жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери жөнүндө” мыйзамына (№103, 16-июнь 2017-жыл), “Кыргыз Республикасында илимий, педагогикалык жана илимий кадрларды даярдоо» (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, КР УИАнын, КР УИАнын 1995-жылдын 9-ноябрындагы № 8с/с -3/2 буйругу менен бекитилген) жобосуна, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын жоболоруна жана ОшТУнун Уставы менен башка ички укуктук документтерге негизделген.
Ош технологиялык университетинин илимий ишин төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөр жүзөгө ашырат:
- илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмү;
- Илимий-техникалык кеңеш (ИТК);
- Диссертациялык кеңеш Д.06.20.606.;
- аспирантура жана докторантура бөлүмү;
- магистратура бөлүмү;
- 30дан ашык окуу лабораториялары;
- кафедралар жана факультеттер.
Максаттар жана милдеттер:
ОшТУнун илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн иш-аракетинин максаты – окутуучулардын жана кызматкерлердин илимий-инновациялык ишмердүүлүгүн камсыз кылуу, заманбап билим берүү жана илимий-инновациялык технологияларды киргизүү аркылуу билим берүү жана илимий кызматтардын сапатын жогорулатуу, профессордук-окутуучулар курамы, студенттер, магистранттар, аспиранттар жана докторанттар тарабынан жүргүзүлүп жаткан илимий-изилдөөлөрдүн практикалык маанисинин актуалдуулугун жогорулатуу болуп эсептелет.
Илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги милдеттери:
- фундаменталдык, чалгындоо жана колдонмо илимий-изилдөөлөр жаатында факультеттердин, кафедралардын жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн илимий-инновациялык ишин уюштуруу жана координациялоо;
- университеттин артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен университеттин илимий ишинин жылдык планын түзүү;
- эл аралык, республикалык, региондук, ЖОЖдор аралык илимий-теориялык, илимий-практикалык, илимий-методикалык конференцияларды, симпозиумдарды, форумдарды, семинарларды жана башка илимий иш чараларды пландаштыруу, уюштуруу жана өткөрүү;
- илимий жана уюштуруучулук маалыматты иштеп чыгууну, талдоону жана жайылтууну уюштуруу;
- профессордук-окутуучулук курамдын илимий потенциалын натыйжалуу пайдаланууга жана өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- илимий-изилдөөлөрдүн көлөмүн кеңейтүү жана сапатын жогорулатуу;
- илимий иштин окуу процесси менен тыгыз байланышын камсыз кылуу;
- илимий-изилдөө ишмердүүлүгү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Функциялары:
- эл аралык уюмдар аркылуу, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим бөлүмү аркылуу алынган гранттардын алкагында илимий долбоорлорду, региондук жана республикалык мүнөздөгү илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу;
- аспирантура, докторантура, магистратура программалары аркылуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо;
- университеттин бардык бөлүмдөрүнүн жана анын окуу, илимий жана өндүрүштүк комплекстеринин илимий иштерин уюштуруу жана контролдоо;
- фундаменталдык, чалгындоочу, колдонмо жана методологиялык илимий-изилдөөлөрдү ишке ашырууга катышуу;
- ОшТУнун илимий-изилдөө иштеринин негизги принциптеринин сакталышын көзөмөлдөө.
“Кыргызстанда инновациялык жана элиталык инженердик билим берүүнү өнүктүрүүнүн илимий жана илимий-техникалык негиздери” илимий багыты боюнча университетте илимий-изилдөөлөрдүн жаңы ыкмаларын колдонуу менен илим менен техниканын заманбап жетишкендиктеринин негизинде окуу процессин өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Фундаменталдык жана колдонмо мүнөздөгү масштабдуу илимий- изилдөөлөр ишке ашып, илим менен техниканын ар кандай тармактарында инновациялык иш чаралар жүргүзүлүүдө.
Учурда ОшТУ күчтүү илимий-педагогикалык кадрдык потенциалга ээ, илимий-изилдөө иштери боюнча илимий мектептер түзүлгөн. 300 ашуун окутуучулар жана илимий-кызматкерлер илимий-изилдөөлөргө, жаңы техниканы жана технологияны иштеп чыгууга тартылган. Алардын жарымынан көбү илимдин докторлору жана кандидаттары. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 1 академиги, 2 Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери, 25тен ашык коомдук жана кесиптик академиялардын академиги жана мүчө-корреспонденти, 22 илимдин доктору жана 116 кандидаты бар (2023-жылдын январь айындагы маалымат боюнча).
ОшТУнун кафедраларынын артыкчылыктуу илимий багыттары:
- маалыматтык жана телекоммуникациялык технологиялар жана жаңы материалдар;
- энергетика жана транспорт (анын ичинде альтернативдүү энергия булактары жана жол коопсуздугу маселелери);
- курулуш, долбоорлоо, архитектура жана тоо кендерин иштетүү;
- машина куруу, айыл чарбадагы химиялык технологиялар жана биотехнология;
- курчап турган чөйрөнү коргоо, экология, жаратылышты пайдалануу жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо проблемалары;
- минералдык ресурстарды комплекстүү иштетүү;
- айыл чарба сырьёсун өндүрүү, кайра иштетүү жана сактоо технологиясы;
- Кыргызстандын экономикалык көйгөйлөрү;
- билим берүү максатында чет тилдерин сыпаттоо жана аларды окутуунун жаңы технологияларын иштеп чыгуунун лингвистикалык-методикалык проблемалары.
ОшТУнун илимий-техникалык кеңеши
2003-жылдан ОшТУнун илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмүнө караштуу илимий-техникалык кеңеш (ИТК) иштейт, анын максаты: илимий-изилдөөлөрдү координациялоо, стратегияларды иштеп чыгуу жана университеттин илимий-техникалык концепциясын ишке ашыруу, илимий ишмердүүлүк менен окуу процессинин интеграциясы; жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу.
Илимий-техникалык кеңештин жыйындарында кафедралардын илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча маселелер угулат жана талкууланат, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Илим бөлүмү аркылуу долбоордук отчёттор, эл аралык долбоорлорго катышуунун жыйынтыктары угулат, кандидаттык жана доктордук диссертацияларды коргоо боюнча чечимдер кабыл алынып коргоого сунушталат.
ОшТУнун илимий-изилдөө жана кадрларды даярдоо ишмердүүлүгү илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына, инновациялык технологияларга жана университетти өнүктүрүүнүн негизги максаттарына багытталган.
ОшТУнун окумуштууларынын илимий изилдөө иштери
ОшТУнун илимий-изилдөө иштери республиканын экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн перспективдүү багыттарына ылайык жүргүзүлүп келүүдө.
ОшТУнун окумуштууларынын илимий-изилдөө иштеринин пландарында олуттуу орунду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин комплекстүү максаттуу программаларына ылайык ишке ашырылып жаткан маанилүү темалар ээлейт.
Ош технологиялык университетинин окумуштуулары тарабынан бир катар маанилүү илимий жана инновациялык долбоорлор иштелип чыгып өндүрүшкө жана окуу процесстерине киргизилген.
ОшТУнун окумуштуулары түрдүү илимий конкурстарга активдүү катышып келүүдө.
2018-2022-жылдар аралыгында ОшТУнун окумуштуулары КР Билим берүү жана илим министрлигинин Илим бөлүмү аркылуу приоритеттүү багыттар боюнча 9 илимий долбоорлордун үстүнөн ийгиликтүү иштеп бир топ патенттерге, автордук күбөлүктөргө ээ болушту. Бул долбоорлордун жалпы каржылоо суммасы 9 551 295 сомду түзгөн.
2018-жылдан 2022-жылга чейин ОшТУнун окумуштуулары ойлоп табууларга жана пайдалуу моделдерге 56 патент жана автордук күбөлүк алышты.
ОшТУнун профессордук-окутуучулар жамааты 2022-жылга карата 80ден ашуун эл аралык илимий, илимий-практикалык жана илимий-теориялык конференцияларга, 15 эл аралык форумдарга, 5 эл аралык илимий семинарларга, республикалык жана облустук деңгээлдеги 30 илимий семинарларга катышып, 20дан ашык тренингдерге жана тегерек столдорго активдүү катышты.
Акыркы 5 жылда Scopus, Web of Science, РИНЦ маалымат базалары тарабынан индекстелген илимий басылмаларда ОшТУнун профессордук-окутуучулар курамынын 800дөн ашык илимий макалалары жарык көргөн.
Студенттердин профессионалдык жана элиталык даярдыгынын деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргызстандын түштүгүндөгү академиялык жана алдынкы өндүрүш ишканаларынын потенциалын пайдаланууга чоң аракеттер болууда. Бул аракеттер студенттер жана жаш окумуштуулар үчүн практикаларды, стажировкаларды уюштуруу, конференцияларды, жайкы мектептерди, семинарларды өткөрүү, гранттар жана долбоорлор боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү сыяктуу иш чараларды өзүнө камтыйт.
Жыл сайын салттуу түрдө апрель айында университетте жаш окумуштуулардын жана студенттердин “Илим.Технологиялар.Инновациялар” аттуу аймактык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлөт, ага 800дөн ашык магистранттар жана студенттер илимий-изилдөө иштерине жигердүү катышып, баяндама презентацияларын жасашат, эң мыкты эмгектер “Известия ОшТУ(“ОшТУ жаңылыктары”)” илимий-техникалык журналында жарыкка чыгарылат.
Студенттердин жана магистранттардын илимий-изилдөө иштери илимдин түрдүү багыттары боюнча жүргүзүлөт жана студенттер, магистранттардын көпчүлүгү республикалык бюджеттен жана эл аралык уюмдардан каржыланган илимий долбоорлорду аткаруу жумуштарына тартылган. Студенттер жыл сайын аймактык студенттик олимпиадаларга, ар кандай көргөзмөлөргө, сынактарга, эл аралык конференцияларга жана симпозиумдарга активдүү катышышат. 2022-жылы университетте креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган бизнес-инкубатор ачылган.
“Кошумча билим берүү”
квалификациясын жогорулатууга жана кесиптик кайра даярдоого багытталган программалардын кеңири спектрин сунуштайт. Бул жерден сиз ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алууга жардам бере турган курстарды таба аласыз.
Лицензия
Университеттин билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиясы бар.
Лицензия тизмеси:
- Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электромонтерлор ( окуу мөөнөтү 3 ай);
- Электр газ менен ширетүүчү (окуу мөөнөтү 2 ай);
- Корей тили (окуу мөөнөтү: 3 ай);
- Кытай тили (окуу мөөнөтү: 3 ай);
- Англис тили (окуу мөөнөтү: 3 ай);
- Орус тили (окуу мөөнөтү 3 ай);
- Кыргыз тили (окуу мөөнөтү 3 ай);
- Негизги жана орто жалпы билим берүү ( II – III баскычтар) (окуу мөөнөтү: 4 жыл);
- Немис тили (окуу мөөнөтү 3 ай).
Квалификацияны жогорулатуу курстары
Курстун программалары эмгек рыногунун учурдагы талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан жана теориялык жана практикалык окутууну камтыйт. Курстардын тизмеси:
- “Транспорттук логистика” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Атамкулов У.Т.
- “Жогорку математика” курсунун жетекчиси, ф-м.и.д., профессор Аширбаева А.Ж.
- ” Python маалымат базасы ” курстун жетекчиси, т.и.к.. , доцент Мамбетов Ж.И.
- “Билим берүү тармагындагы аккредитация боюнча эксперт” курсунун жетекчиси, а-ч.и.д., доцент Танаков Н.Т.
- “Тамак-аш азыктарынын сапатын контролдоо жана камсыздоонун заманбап ыкмалары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Функционалдуу тамак-аш азыктарын өндүрүү үчүн өсүмдүк сырьесун кайра иштетүү технологиялары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Электроника жана робототехника” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Арыкбаев И.М.
- “NEW ENGLISH FILE” (A1, A2, B1, B2, C1, C2) курсунун жетекчиси, м.а. , кафенин башчысы Хабибуллаева Н.З.
- “1С Бухгалтердик эсеп” курсунун жетекчиси, э.и.к., доцент Хамзаева А.М.
- “Логистика боюнча менеджер” курсунун жетекчиси, э.и.к., доцент Усанова Ж.У.
- “Электрондук отчеттуулук” курсунун жетекчиси, э.и.к., доцент Хамзаева А.М.
- “Функционалдуу жана байытылган тамак-аш азыктары: технологиялар жана тенденциялар” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Дан кайра иштетүү технологиялары: талдоодон экспорттук стандарттарга чейин” курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Мөмө-жемиштерди кайра иштетүүдөгү инновациялар: узак мөөнөттүү сактоо жана сактоо технологиялары» курсунун жетекчиси , т.и.к. , доцент Ирматова Ж.К.
- “Тамак-аш өнөр жайындагы экологиялык жактан таза өндүрүш жана калдыктарды минималдаштыруу” курсунун жетекчиси , т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Органикалык продуктуларды өндүрүүнүн технологиялары жана коопсуздугу” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Сүт жана эт азыктарынын өсүмдүк аналогдорун өндүрүүнүн технологиялары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Тамак-аш биотехнологиясы: ферменттик кайра иштетүү жана функционалдык ингредиенттерди өндүрүү” курсунун жетекчиси, б.и.к., Исраилова Г.С.
- “Тамак-аш өнөр жайындагы микробиологиялык коопсуздук жана сапатты көзөмөлдөө” курсунун жетекчиси, б.и.к., Исраилова Г.С.
- “Мектепке чейинки жана мектеп мекемелеринде туура жана баланстуу тамактанууну уюштуруу” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Тамак-аш азыктарынын сапатын баалоонун жана санарип маркировкалоонун заманбап ыкмалары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Ирматова Ж.К.
- “Окуу процессинде маалыматтык технологияларды колдонуу” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Бокоев К.А.
- “Билим берүү процессиндеги жасалма интеллект”, т.и.к., доцент Бокоев К.А.
- “ENGLISH FILE” (A1, A2, B1, B2, C1) курсунун жетекчиси, кафедра башчысы Шерматова А.М.
- “Орус тили чет тили катары” (Башталгыч деңгээл (А1-А2)), (Жогорку деңгээл (В1-В2)), курстун жетекчиси, Бердибаева Н.И.
- “Маалыматтык технологияларды башкаруу” курсунун жетекчиси, ОшТУнун доценти, Артыкбаева С.Ж.
- “Билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маалыматтык технологиялардын ролу” курсунун жетекчиси, а-ч.и.д., доцент Танаков Н.Т.
- “Өндүрүш менен билим берүүнүн интеграциясын жакшыртуу” курсунун жетекчиси а-ч.и.д., доцент Танаков Н.Т.
- “Энергетикадагы заманбап технологиялар: инновациялар жана тенденциялар”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Өнөр жай жана курулуштагы энергетикалык эффективдүүлүк” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Жылуулук энергетикасынын негиздери: теория жана практика” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т
- “Энергиянын кайра жаралуучу булактары: келечеги жана чакырыктары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетикалык системаларды долбоорлоонун техникалык-экономикалык аспектилери” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергия менен камсыздоону башкаруу жана энергетикалык процесстерди автоматташтыруу” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетика жана жылуулук энергетикасынын экологиялык аспектилери”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетикалык коопсуздук жана туруктуу өнүгүү” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Жылуулук энергетикасы турак жай-коммуналдык чарбада”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетикалык объекттерди модернизациялоо: ыкмалар жана технологиялар” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергияны эсепке алуунун жана башкаруунун интеллектуалдык системалары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетика: жабдууларды долбоорлоо жана эксплуатациялоо” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Климаттын өзгөрүшүнүн энергетика секторуна тийгизген таасири” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Ишканалардагы энергетика: энергияны башкаруу жана натыйжалуулук” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Энергетикалык долбоорлордун экономикалык эффективдүүлүгүн талдоо жана баалоо” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Агроөнөр жай комплексиндеги заманбап электр технологиялары”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба объектилерин электр менен камсыздоо”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Агрардык сектордогу энергиянын натыйжалуулугу”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба тармактарындагы электр жабдуулары жана автоматташтыруу системалары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба машиналарынын электр приборлору жана установкалары”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба объектилерин жарыктандыруу системалары”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарбасында электр энергиясын колдонуунун инновациялык ыкмалары”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба продукциясын сактоо жана кайра иштетүүдө электрдик технологияларды колдонуу” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл чарба тармагындагы технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана башкаруу”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “ Күнөскана жана күнөскана комплекстеринин электр системалары” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Электр дисктер жана аларды айыл-чарба машиналарында колдонуу”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл -чарба объектилерин энергия менен камсыздоо жана электр коопсуздугунун көйгөйлөрү” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Агрардык инженерияда контролдук жана мониторинг системасы”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Айыл-чарба ишканаларынын электр жабдууларын долбоорлоонун негиздери”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Агрардык инженериядагы келечектеги электр энергетикалык технологиялар” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Билим берүүдөгү интерактивдүү жана инновациялык методдордун негиздери”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Интерактивдүү окутуу методдору” курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Билим берүүдөгү инновациялык технологиялар”, курсунун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Интерактивдүү жана инновациялык ыкмаларды колдонуу”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
- “Учурдагы маселелер жана өнүгүү перспективалары”, курстун жетекчиси, т.и.к., доцент Алдашева Н.Т.
Университетте окуунун артыкчылыктары
* Жогорку квалификациялуу мугалимдер*: сабактарды практикалык тажрыйбасы мол тажрыйбалуу адистер окушат.
* Заманбап билим берүү технологиялары*: окуу процессинде заманбап методдор жана технологиялар колдонулат, бул окутуунун натыйжалуулугун камсыз кылат.
* Индивидуалдык мамиле*: курстун ар бир катышуучусу жекече мамилени алат, бул алардын муктаждыктарын жана каалоолорун мүмкүн болушунча эске алууга мүмкүндүк берет.
* Ийкемдүү окуу графиги*: сиз өзүңүзгө ыңгайлуу болгон окуу графигин тандай аласыз, ал сизге жумуш менен окууну айкалыштырууга мүмкүндүк берет.
* Жеткиликтүү баалар*: университеттин квалификациясын жогорулатуу курстарында окуу акысы студенттердин кеңири чөйрөсү үчүн жеткиликтүү.
### Курстарга кантип жазылса болот
Квалификацияны жогорулатуу курстарына кирүү үчүн арызды толтуруп, үзгүлтүксүз билим берүү бөлүмүнө кайрылуу керек. Биздин адистер бардык суроолоруңузга жооп беришет жана сизге эң ылайыктуу окуу программасын тандоого жардам беришет.
*Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаңыз жана көбүрөөк изденүүчү адис болуңуз!*
Исраилова Гулбарчин Салимовна – илим, инновация жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн башчысы, к.б.н.
тел: 0555801489, israilova@oshtu.kg
Жусупов Байгелди Тургумбаевич – башкы адис
тел: 0706 007 459, adam.turugn@gmail.com
Джакыпов Канатбек Аманбаевич – башкы адис
тел: 0220216607, dzhakypov@oshtu.kg
Шакиров Арген Асылбекович – жетектөөчү адис
тел: +996990577200, shakirovargen@gmail.com
Арзиева Сузанна Казбековна – жетектөөчү адис
тел: 0777 857 444, Suzana.kg.1985@gmail.com
Акмырзаева Айгерим Нурмирзаевна – жетектөөчү адис
тел: 0700357007, aigerimakmyrzaeva@gmail.com