Окутуу жана изилдөө борборлорун түзүү жана чоң маалыматтарды интеллектуалдык анализдөө боюнча курстарды иштеп чыгуу – Борбордук Азиядагы Big Data (Intelligent Big Data Analysis) долбоору ийгиликтүү аяктады.
Erasmus + программасынын ЕlBA долбоору боюнча Словениянын Приморск университетинде өткөрүлгөн финалдык отчетуна долбоордун кординатору Ош технологиялык университетинин колдономо илимдер институтунун директору Аттокуров Урмат Тологонович жана информатика кафедрасынын башчысы Мамбетов Жоомарт Иманалиевич катышты.
2019-2022-жылдар аралыгында Борбор Азия өлкөлөрүндө интеллектуалдык чоң маалыматтарды талдоо (IBDA) боюнча бакалаврлар, магистранттар жана инженердик адистер үчүн модулдук курстардын көп тармактуу пакетин иштеп чыгып жана ишке ашыруу аркылуу адистердин академиялык потенциалын жогорулатуу максаты ишке ашырылды. Бул долбоордун алкагында оргтехника сатып алынып, лабораториялар ачылды, эки жолу координатор жолугушуусу болду. Испания, Словения жана Италия шаарларында Big Data боюнча эки жумалык тренинг өткөрүлдү. Долбоордун катышуучулары квалификациясын жогорулатылгандыгы тууралуу сертификатка ээ болушту. Мындан сырткары, бир нече ирет онлайн жолугушуу болуп, онлайн тренингдер өткөрүлдү.