Эргешова Асылзат Бакытбековна – «Жаштык» телестудиясынын директору
тел: (+996)775027520 asylzatergeshova97@mail.ru
Ош технологиялык университетинин «Жаштык» телестудиясы Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында эң алгач түзүлүп, эфирге чыга баштаган телестудия. Ал 1996-жылы окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинин чечими менен түзүлүп, Ош облустук юстиция башкармалыгы тарабынан массалык маалымат каражаты катары күбөлүк алган. Телестудия быйылкы жылы 27 жашка толду.
“Жаштык” телестудиясы жалпы студенттердин жана жаштардын эстетикалык табитин жогорулатуу, кругозорун өстүрүү, алардын билим деңгээлин жана окуу жайда болуп жаткан иш чараларды, ар жумалык жаңылыктарды коомчулукка ачык-айкын чагылдыруу максатында уюшулган. Университеттин ийгилик-жетишкендиктерин, студенттердин социалдык турмушун, көйгөйлүү маселелерин жана окуу жайда болгон ар жумалык жаңылыктарды эфирде көрсөтүп, студенттердин маданий эс алуусуна көмөктөшкөн ар түрдүү кызыктуу телеберүүлөрдү даярдайт. Алдыңкы, мыкты окутуучулардын лекцияларын, практикалык, лабораториялык сабактарын эфирге даярдоо менен аларды студенттердин пайдалануусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Окуу жайда журналистикада, телевидениеде, жалпы эле массалык маалымат каражаттарында иш алып барууга кызыкдар студенттердин көпчүлүгү телестудия менен бирге иш алып барышат. Телестудияда кызыгуучулар үчүн монтажердук, оператордук жана диктордук үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлгөн. Студенттер өздөрү кызыккан ар түрдүү, пайдалуу жана кызыктуу көрсөтүүлөрдү, роликтерди даярдашат.
“Жаштык” телестудиясы ОшТВ, ЭлТР, 7-канал, Ынтымак ТВ, ОшПирим, Пирамида ТВ телеканалдары, Ош шамы, Ош жаңырыгы, Эркин тоо, Кут билим басылмалары, Akipress.kg, Kabar.kg, Aimaknews.kloop.kg, Barakelde.kg интернет сайттары менен тыгыз байланышта иш жүргүзөт.
Бүгүнкү күндө «Жаштык» телестудиясынын телеберүүлөрү “ЭлТР”, “Ынтымак ТВ” жана “ОшТВ” телеканалдарынан ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү эфирге чыгып келе жатат.
“Студ times” гезити, “Универ KG” журналы
“Студ times” гезити 2003-жылдын 24-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинен массалык маалымат каражаты катары каттоодон өткөн. 2003-жылы гезитти “Кыргыз жана орус тилдери” кафедрасынын ага окутуучусу Айнагүл Аматова жетектеген. 2003–2004-жылдары Куштарбек Кимсанов, 2004–2005-жылдары Нургазы Ташиев, 2005-2008-жылдары Атакул Жалиловдор жетектеп, ал эми 2009-жылдан баштап гезиттин башкы редактору катары Эркинбай Бакиров эмгектенүүдө.
Алгач гезит Ош облустук басмаканасынан ак-кара түстө 4 бет болуп, 1000 даанада жарык көрсө, азыркы күндө Бишкектеги көз карадандысыз “ММКны колдоо борборунун” басмаканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде 1500 даанадан 5000 даанага чейин түстүү, 8 бетте чыгарылууда. Ошондуктан, “Студ times” гезити түштүк Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын эң популярдуу жана мазмундуу гезити болуп саналат.
Бүгүнкү күндө «Студ times» гезитине ОшТУнун жаңылыктары, дүйнөлүк жана өлкө жаңылыктары, студенттердин, мугалимдердин илимий иштери, чыгармалары, макалалары, ырлары, ар тараптуу назик ойлору, купуя сезимдери, көйгөйлүү маселелери жана окуу жайдын илимий чөйрөсүндө болуп жаткан окуялар, ийгилик-жетишкендиктер, стратегиялык пландар жана кемчиликтер кеңири жарыяланат.
Жаштык ТСнын кызматкерлери
Кадырова Акшоола Акбаралиевна – редактор
тел: 0773 676893
Бакиров Эркинбай Ниматиллаевич – монтажчы
тел: 0771870900 oshtvtrk@gmail.com
Биймамат уулу Шахнахар – оператор
тел: (+996)773386236 shahnazarbiimamat@gmail.com