Жаштар арасында терс көрүнүштөрдүн алдын алып, аларды болтурбоо жана адамдар ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө максатында биздин окуу жайдын интеллект өнүктүрүү борбору тарабынан Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттеринен куралган жыйырма команда катышкан интеллектуалдык оюн өткөрүлдү.
Мында командалар берилген суроолорго жооп беришип, конкурстун шартына ылайык талаптарды аткарышты. Мында негизинен жаштар арасында орун алып жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдү болтурбоо, аларды чечүүнүн жолдору жана учурдун талабына ылайык билим берүүгө арналган суроолор берилди. Оюндун жыйынтыгында биринчи орунду ОшТУнун “No name” командасы, экинчи орунду ОшМПУнун “Билим кемеси” командасы, ал эми үчүнчү орунду ОшКУУнун “АК-47” командасы камсыз кылышты.
Жеңүүчү командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.