Ош технологиялык университетинде 9-11 класстардын окуучуларынын арасында сынак болуп өттү. “Үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу пайдалануу: Кыргыздын тойлорун жана үрп-адаттарын ыраатташтыруу боюнча ойлор жана толгоолор” аттуу эссе сынагы экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана финансы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, жыйынтыгы чыгарылды. Бул сынак ысырапкорчулукту жоюу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана үй-бүлөлүк бюджетти сарамжалдуу пайдалануу максатында өткөрүлүп, Ош шаарынын жана райондордун мектептеринин окуучулары катышышты.
Жыйынтыгында биринчи орунду Билим лицейинин окуучусу Молдошбеков Ханмырза, экинчи орунду №33 С.Алыкулов атындагы мектебинин окуучусу Токтосинова Сезимгүл, ал эми үчүнчү орунду №29 И.В.Панфилов мектеп-гимназиясынын окуучусу Шукуркулова Муслимой камсыз кылышты.
Жеңүүчү командалар уюштуруучулар тарабынан акчалай жана баалуу белектер менен сыйланышты.