Өскөнбаев Чолпон Курстанбекович – МЭБнун музыкалык секциясынын жетекчиси КРнын маданиятынын мыкты кызматкери КРнын эл аралык конкурс-фестивалдарынын лауреаты туулган жылы: 11 сентябрь 1980ж.
Email: oskonbaev555@mail.ru
моб. тел: 0709 90 90 07
Ош технологиялык университетинин Маданий-эстетикалык борбору – 1994 жылы уюштурулган. Маданий-эстетикалык борбор жалпы эле студент жаштардын адеп-ахлактык, руханий, эстетикалык табитин жогорулатуу, инсандын жалпы маданиятын өнүктүрүү, кызыгууларын эске алуу менен чыгармачылыгын калыптандыруу, алардын чыгармачылык жетишкендиктерин пропагандалоо, эстетикалык керектөөсүн табуу жана эстетикалык ишмердүүлүккө кошуу максатында уюштурулган. Азыркы учурда маданий-эстетикалык борбордо төмөнкү ийримдер иштейт:
- Элдик фольклор (комузчулар, чопо чоор, темир ооз комуз, добулбас, аса таяк, шылдырак, тай туяк ж.б.)
- Элдик вокал (акындык, айтыш, манасчы, дастанчы, акыйнек, куудулдук, чечендик ж.б).
- Эстрадалык вокал (техно, поп, рок-н-ролл, джаз, реп ж.б.)
- Бий (элдик бийлер, чыгыш бийлер, классикалык бийлер, заманбап бийлер)
Бүгүнкү күндө маданий-эстетикалык борбордо студенттер үчүн бардык шарттар түзлүп берилген. Борбордо ийримдерден сырткары куудулдар театры, КВН, диктордук алып баруучулар студиясы иштөөдө.
Маданий эстетикалык борборунун курамында төмөнкү кызматкерлер иштешет:
- Топчубаева Бибигуль – хореограф (бий өнөрү) 0708 89 22 21
- Абдиллазиз уулу Жакшылык – ШТК 0704 75 98 09
- Капаров Бегалы – музыкант 0703 92 80 96