Компьютердик лингвистика кафедрасынын жамааты тарабынан ата-энелердин катышуусунда конференция өткөрүлдү. Бул иш чарага компьютердик лингвистика багытында билим алып жатышкан бардык курстун студенттеринин ата энелери келишти. Мында кафедранын кадр даярдоодогу жетишкендиктери, болуп жаткан иш чаралар тууралуу маалыматтар берилип, окуу усулдук, тарбиялык иштер боюнча презентация, видеолор көрсөтүлдү.
Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин жетекчилиги, жалпы кафедранын жамааты тарабынан ата-энелер берген суроолорго жооптор алынды, билим жана тарбияда эки тараптуу аракеттенүүдө сунуш-пикирлер айтылды. Ата-энелерге атайын сурамжылоолор жүргүзүлүп, билим берүү программасын ишке ашырууда жана жыйынтыгында ата-энелер канааттангандыгы боюнча талкуу жүргүзүлдү. Конференциянын соңунда билим берүү программасын биргелешип ишке ашыруу боюнча токтом кабыл алынды.
Факультет жетекчилиги тарабынан окууда жана университеттин коомдук иштеринде мыкты жетишкендиктерге ээ болгон студенттердин ата-энелерине ыраазычылык баракчасы тапшырылды.