Германиянын JIZ уюму тарабынан биздин окуу жайда эл аралык семинар-тренинг өткөрүлдү. Семинар “Кооперативное образование логистики” деп аталып, логистика багыты боюнча ар тараптуу маселелер талкууланып, кеңири маалыматтар берилди. Германиядан келген профессор Френк Нойман бүгүнкү күндө коомдо логистика багытынын өндүрүшкө жана эл чарбасына тийгизген таасири, экономикада колдонулушунун зарылдыгы, логистикалык борборлордун болушу, алардын иш аракеттери жана башка логистикага тиешелүү болгон бардык маалыматтарга токтолуп, катышуучуларга лекция окулду.
Бул эл аралык тренигдин биздин окуу жайда өткөрүлүшү биринчи этабы болуп эсептелет, ошондуктан, коңшулаш Өзбекистан мамлекетинен атайын профессорлор, окутуучулардан турган адамдар тобу дагы бул иш чарага катышты. Ал эми кийинки этабында коңшу мамлекетте өткөрүлмөкчү.
Профессор Френк Нойманды ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев жеке кабыл алып мындан ары эки тараптуу кызматташуу тууралуу маселелер талкууланды. Сүйлөшүүлөргө ылайык Германиянын жогорку окуу жайлары менен да тыгыз байланышта болуп, кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир нече долбоорлорду ишке ашыруу жолго коюлмакчы.