Кыргызстандагы инсанды өнүктүрүүнүн кыргыз-япон борборунун тең жетекчиси А. К. Азимов жана Киото университетинин профессору Т. Сома Ош технологиялык университетинде болушту.
Конокторду окуу жайдын ректору, доцент Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу тууралуу макулдашышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Япония өлкөсүнүн жогорку окуу жайлары менен билим берүү жана илим тармагында кеңири кызматташуу жөнүндө кеңири сөз болду.
Мында билим берүүдө эл аралык деңгээлдеги иш-аракеттерге басым жасоо, эл аралык илимий долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, эки тараптуу академиялык мобилдүүлүктү күчөтүү ж. б. маселелер талкууланды.