Ош технологиялык университетинде 1-январдан тартып эмгек акы жогорулады. Эми буга чейинки кошулган кошумча эмгек акыдан сырткары илимдин докторлоруна 6500 сомдон, илимдин кандидаттарына 6000 сомдон, административдик башкаруу курамга жана профессордук-окутуучулук курамга 5000 сомдон, окуу-көмөкчү жана кенже-тейлөөчү курамга 3500 сомдон акча каражаты кошулду.
Университеттин ректору Жанболот Турсунбаев эмгек акылардын жогорулашы боюнча: “Университеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша окутуучуларга жана кызматкерлерге эмгек акыларды жогорулатып, шарттарды түзүп, ошого жараша жоопкерчиликти күчөтүүгө аракет кылып жатабыз”, – деди.
Мындан сырткары декабрь айында 1 ставкада эмгектенген ар бир кызматкер Жаңы жылга карата бир айлык өлчөмүндө надбавкасы менен сыйлык акча да алышты.