Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын чечими менен Ош технологиялык университетинин 5 илимпоз окутуучусуна “доцент” окумуштуулук наам ыйгарылды.
- Физика-математика илимдеринин кандидаты Саадалов Төлөнбайга “Математика” адистиги боюнча, техника илимдеринин кандидаты
- Ирматова Жылдызга “Тамак-аш технологиясы” адистиги боюнча, физика-математика илимдеринин кандидаты
- Маматкасымова Алиймага “Информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу” адистиги боюнча, техника илимдеринин кандидаты
- Рысбекова Элмирага “Курулуш” адистиги боюнча, техника илимдеринин кандидаты
- Атамкулова Мушарапга “Информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу” адистиги боюнча “доцент” окумуштуу наам берилди.
Аталган илимпоз окутуучулар 25-35 жылдан бери педагогикалык кесипти аркалайт, 50гө жакын илимий эмгектердин автору жана бир канча автордук патенттерге ээ.