Адамзат жолборс жылын узатып, коен жылын тосуп алуу алдында турат. Биздин окуу жайдын чарба кызматкерлери да эски жылды узатып, жаңы жылдык майрамдык салтанатка катышышты.
Университет жетекчилиги тарабынан уюштурулган бул майрамдык кече Жетиген ресторанында өткөрүлдү. Окуу жайдын ректору Ж. Ж. Турсунбаев чарба кызматкерлерин жаңы жыл менен куттуктап, иштерине ийгилик каалады. Өз сөзүндө ректор кийинки жылы чарба кызматкерлеринин айлыктарын көбөйтүүнү убадалады. Университеттин ишин алга жылдырууда салым кошкон мыкты кызматкерлерге грамоталар жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
ОшТУда жалпысынан 100дөн ашык чарба кызматкерлери эмгектенип, окуу жайдын тазалыгы, айлана-чөйрөсүнүн көрктөндүрүлүшү, окуу лабораторияларынын, кабинеттердин, лекциялык залдардын таза иреттүү болушуна жооп беришет.