Энергетика факультетинин жалпы жамааты жана мында билим алып жатышкан студенттер энергетиктердин кесиптик майрамын белгилешти. Бул күндүн урматына арналган майрамдык салтанат өткөрүлүп, бул иш чарага университет жетекчилиги, энергетика факультетинин жалпы жамааты, факультеттин бүтүрүүчүлөрү жана сырттан чакырылган коноктор катышты.
Ректор Ж. Ж. Турсунбаев жалпы факультеттин жамаатын жана студенттерин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап, энергетиктердин коомдо орду өзгөчө экендигин белгиледи. Университеттин жана факультеттин коомдук иштеринде активдүү катышкан, окууда мыкты ийгиликтерди жараткан студенттерге, окутуучуларга университет жана факультет жетекчилиги тарабынан Ардак грамоталар тапшырылды. Ошондой эле өндүрүш менен тыгыз байланышып, эки тараптуу кызматташууга салым кошушкан факультеттин окутуучулары дагы тиешелүү өндүрүштүк ишканалардын Ардак грамоталарына ээ болушту.
Кыргызстандын түштүк аймагында биринчилерден болуп энергетика багытындагы адистерди даярдоо 1963-жылы башталган. Ошол кездеги Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу кечки бөлүмүндө адистерди даярдоо жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин биздин окуу жай өлкөбүздүн энергетика тармагына миңдеген жогорку квалификациялуу адистерди даярдап берди.
Учурда бүтүрүүчүлөрүбүз өздөрүнүн адистиктери менен алыскы жана жакынкы коңшулаш чет өлкөлөрдө эмгек жолдорун ийгиликтүү улантып жатышат.