Бүгүн Россия Федерациясынын Кубань мамлекеттик университети менен ОшТУнун ортосунда онлайн жолугушуу болду. Бул жолугушууга Кубань мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Хагуров Темур Айтечевич баштаган факультеттин декандары, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев, сырткы байланыштар жана өнүгүү боюнча проректор А. Акматалиев жана факультеттердин декандары: Ш.Сайдаматов, У.Джусуев, З.Тешебаева, илим бөлүмүнүн башчысы Г.Исраилова, эл аралык бөлүмдүн башчысы Ш. Нармирзаева катышты.
Жолугушууда эки окуу жай ортосунда 2023-жылы кызматташтыкты кеңейтүү, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк программаларын жүргүзүү, биргелешкен илимий долбоорлорду ишке ашыруу жана бакалавриат, адистик жана магистратура деңгээлдеринде биргелешкен программалар, кош диплом берүү, жайкы мектептерди уюштуруу, аспирантурада окутуу жана квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо боюнча макулдашышты.