Бизнести башкаруу жана социалдык иштер багытынын студенттери Түштүк Урал мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган эл аралык сынакта биринчи орунга ээ болушту. Аталган сынак “Твой мир – твой проект (“Сенин дүйнөң – сенин долбооруң”)” деп аталып, КМШ мамлекеттеринин 58 жогорку окуу жайынын студенттеринен куралган командалар катышты.
Биздин студенттер “Дом СТУДЕНТА” долбоорун жазышып, сынакка эки тур менен сунуш кылышты. Эки турдун жыйынтыгы менен сынакка кабыл алынып, Россия Федерациясынын Челябинск шаарындагы Түштүк Урал мамлекеттик университетинде жыйынтыктоочу турунда 58 долбоордун ичинен “Проект и его презентация” номинациясы боюнча биринчи орунга ээ болушту. Команданын жетекчиси бизнести башкаруу жана социалдык иш кафедрасынын доценти Кожомбердиева Насипахан Ташполотовна, ал эми команданын капитаны УБ-1-21 тайпасынын студенти Назаркулова Айзирек Сайдиллаевна.
Жеңишке жетишкен студенттерибизди ректор Ж. Ж. Турсунбаев кабыл алып, мындан аркы окууларына ийгилик каалап, окуу жайдын намысын коргоодо ар дайым чоң жетишкендиктердин ээси болууларына тилектештигин билдирди.