16-декабрда президент Садыр Жапаров өлкөбүздөгү окуу жайлардын студенттерине президенттик стипендия тапшырды. Жыл аяктап баратканда салтка айланган жакшы жөрөлгөнүн ээси болуп өлкө боюнча 70 студент табылып, ар бирине 60000 сомдон тапшырылды. Мында окууда мыкты ийгиликтерди жаратып, аракети менен көпчүлүктөн айырмаланып, жакшы максаттар менен келечекке умтулган, жакшы жетишкендиктерге жетишкен студенттер аталган акчалай сыйлыкты алышты.
Ош технологиялык университетинен энергетика факультетинин 3-курсунун студенти Кадырбеков Элтуран Алтынбекович жана табигый-техникалык факультетинин 4-курсунун студенти Суйунбай кызы Меңдайым президенттик стипендиянын ээси болушту.
Студенттерибиздин мындан аркы окууларына ийгилик каалап, жакшы ийгиликтерди жаратууларына тилектешпиз!