Гуманитардык-технологиялык колледжинин мамлекеттик жана дүйнөлүк тилдер кафедрасынын жамааты тарабынан 5-декабрдан 12-декабрга чейин залкарларыбыз Ч.Айтматов менен А.Осмоновдун урматына арналган “Чыгаандардын чыйыр жолунда” аттуу эскерүү жумалык белгиленген.
Жумалыкта “Сүрөттөр сүйлөйт” аталыштагы темада студенттердин кол калеминен тартылган сүрөттөрдүн сынагы, “Айтматов бар аалам толук көрүнчү”, “Алыкулдун ырларында жан бар” деген темалардын бирөөсүн тандоо менен дил баян жазуу сынагы жарыяланып, 14-декабрь күнү жыйынтыкталды.
Эскерүү жумалыктын негизги максаты улуу жазуучубуз Ч.Айтматов менен лирик акыныбыз А.Осмоновдун басып өткөн жолунда канчалык кыйынчылыктар болсо да, кыргыз элин бүт дүйнөгө таанытып, чыгармалары, ырлары менен элдин жүрөгүнүн түпкүрүндө калаарын дагы бир ирет даңазалоо менен кийинки муундарга жеткирүү болуп саналат.
Иш чарада улуу жазуучу жаратып кеткен чыгармаларынан сахналык көрүнүштөр аткарылып, лирик акындын ырларынан көркөм окулуп, студенттер тарабынан даярдалган видео-роликтер көрсөтүлүп, чыгаандардын өмүр баяндарына, чыгармаларына байланыштуу түзүлгөн суроолорго жооп берүү жана ырларды улантып айтуу шарттары аткарылып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартууланды.
Иш чаранын жыйынтыгында жумалыкта жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталып, активдүү катышкан студенттер диплом, баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.