Университеттердин орус-кыргыз консорциумунда биргелешкен билим берүү программасынын алкагында Д.Ф.Устинов атындагы Балтика мамлекеттик техникалык университетинен “ВОЕНMEХ” техника илимдеринин кандидаты, Е4 кафедрасынын доценти Киреев Олег Леонидович жана Потапов Евгений Сергеевич ОшТУга иш сапар менен келишти. Буга чейин Балтика мамлекеттик техникалык университети менен биздин университеттин ортосундагы түзүлгөн келишимдердин негизинде эки тараптуу кызматташуунун алкагында бакалавр 2+2, магистратура 1+1 программаларын ишке ашыруу жана академиялык мобилдүүлүк боюнча Информатика кафедрасынын окутуучуларынын катышуусу менен Колдонмо информатика адистигинин студенттерине конок лекция өтүштү.
Erasmus+ CBHE DIGITECH долбоорунун алкагында семинар өткөрүлдү
2026-жылдын 25-февралында Ош технологиялык университетинде Erasmus+ CBHE DIGITECH долбоорунун алкагында «Билим берүү тармагында муктаждыктарды талдоо» аттуу семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги...











