Улуттук адабият күнүнө карата Ош технологиялык университетинин интеллект өнүктүрүү борбору тарабынан студенттер арасында Ч. Айтматовдун “Тоолор кулаганда” чыгармасы боюнча китеп окуу сынагы өткөрүлдү. Бул иш чаранын максаты, жаштарды китеп окууга болгон кызыгуусун жогорулатуу, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө жана кыргыз элинин улуттук нарк-насилин унутпоого чакыруу болуп эсептелет.
Сынакка биздин университеттеги бардык факультеттердин студенттери катышып, улуу жазуучунун чыгармасын окуп чыгышты. “Тоолор кулаганда” чыгармасынан суроолор берилип, командалар ал суроолорго жооп беришти.
Жыйынтыгында, биринчи орунга экономика жана башкаруу факультетинин “Акбарс” командасы, экинчи орунга интеллект өнүктүрүү борборунун “SMART” командасы, ал эми үчүнчү орунга Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин “Эрудит” командасы ээ болушту.
Жеңүүчү командаларга жана мыкты катышуучуларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар, белектер тапшырылды.