Кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын профессору Саттарова Азиза Тешебаевна, окутуучулар Жумабаева Гулдана, Тагаева Жазгул Токтосуновна Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде өткөрүлгөн эл аралык илимий конференцияга катышып келишти. Бул конференция Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөндүгүнүн 100, түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата “Сартбаевдик окуулар- 22” алкагында “Башталгыч билим берүү: теориясы, практикасы жана өнүгүү тенденциялары” деп аталып, белгилүү окумуштуу, п. и. к. профессор Каратай Сартбаевдин жаркын элесине арналды.
Мында башталгыч билим берүүдөгү бүгүнкү күндө пайда болуп жаткан ар кандай маселелер, заман талабына ылайык окутуунун усулдарын колдонуу, баланы окутуу менен бирге тарбия иштери, мугалимдерге коюлуучу талаптар жана башка башталгыч билим берүүгө арналган илимий баяндамалар окулду. Биздин окуу жайдан профессор А. Т. Саттарова, окутуучулар Г. Жумабаева жана Ж. Т. Тагаева мыкты илимий баяндама жасагандыктары үчүн диплом менен сыйланышты.