Бүгүн Ош технологиялык университетинде Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин ортосунда кызматташуу туурасында келишимге кол коюлду;
– Ош технологиялык университетинин студенттерине геодезия, картография, кадастр тармагында КМШдагы базалык уюм катары Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин инновациялык иштелмелери туурасында презентациялары сунушталды;
– студенттерге Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин алдыңкы профессорлору мейкиндиктеги маалыматтарды колдонуу тармагындагы изилдөөнүн актуалдуулугу туурасында жаш окумуштууларга жана окутуучуларга көп тармактуу лекцияларды окуду;
– Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин белгилүү профессору окутуучуларга мастер-класс жана студенттерге лекция өттү;
– Ош технологиялык университетинин жаш окумуштууларына (магистранттарга, аспиранттарга, докторанттарга) Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин профессорлору тарабынан “R & D-проекты: от идеи до реализации” (R & D – долбоорлор: идеядан ишке ашканга чейин) деген темада тренинг өткөрүлдү;
– Москва мамлекеттик геодезия жана картография университетинин өкүлдөрү менен окуу пландарын макулдашуу боюнча окуу иштери боюнча проректор менен жолугушуу болду.