Табигый-техникалык факультетинин кесиптик билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын жалпы жамааты жана студенттери тарабынан “Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы жалпы адамзаттык баалуулуктардын мааниси жана жаш муундарды тарбиялоодогу орду” деп аталган тегерек стол өткөрүлдү. Бул иш чаранын негизги максаты жаш муундарды кыргыздын нукура улуттук жана элдик нарк-насили, баалуулуктары менен тарбиялоо, аларды ата-журтун сүйүүгө, өз элинин патриоту болууга чакыруу болуп эсептелет.
Студенттер улуу жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын образын, андагы окуялардын берилишин талдашып, тарбиядагы орчундуу, маанилүү белгилерин талкуулашты. Техника жана технологиянын өнүккөн учурунда, улуттук баалуулуктар унутта калып бара жаткан мезгилде улуу жазуучунун ар кандай муундун өкүлдөрүнө бирдей таасир калтырган улуу чыгармалары элибиздин, улутубуздун учугун сактап калууга эбегейсиз жардам берээри чындык сөз.
Аталган тегерек столго кесиптик билим берүүнүн технологиясы кафедрасынын жалпы жамааты, бул багытта билим алып жатышкан студенттер жана коноктор – кыргыз жана орус тилдер кафедрасынын башчысы, ОшТУнун профессору А. Т. Саттарова жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Ж. К. Айтибаева катышты.
Кыргыздын уулу болуп кылымдарга өчпөс чыгармаларды жараткан Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 94 жашка чыкмак. Дүйнөнү дүңгүрөткөн классикалык чыгармаларды дагы жаратып, кыргыздын улуу эл экендигин дагы да болсо далилдей бермек.