Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан “Мамлекеттик тил жана учурдагы терминология көйгөйлөрү” деп аталган илимий конференция өткөрүлдү. Бул илимий иш чарага ОшТУнун Мамлекеттик тил боюнча проректору, п. и. д., профессор Зулпуев Ашым Зулпуевич катышып келди.
Мында бүгүнкү күндөгү кыргыз тилине сырттан кирген сөздөрдүн так которулушу, эгерде так которгонго мүмкүнчүлүк жок болсо маанисин жоготпостон которуу, ылайыгы келбей калса которбой эле сырттан кирген сөз катары кабыл алууга арналган илимий баяндамалар жасалды. Эл аралык конференцияга Казакстандан окумуштуулар келишип, кыргыз жана казак тилдери тектеш тилдер болгондуктан терминдерди которууга мүмкүн болбосо эки тилде тең ошол сырттан кирген сөз катары колдонуу тууралуу сунуш-пикирлер айтылды.
Конференция Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде өткөрүлүп, өлкөбүздөгү жогорку окуу жайлардын Мамлекеттик тил боюнча проректорлор, кыргыз терминологиясын иштеп чыгуучу атайын жумушчу топтор жана кыргыз тили адабияты мугалимдери катышты. Ал эми аталган иш чаранын негизги максаты мамлекеттик тилди өнүктүрүү, кадыр-баркын көтөрүү болуп саналат.