12-декабрь кыргыз элинин эки залкары – улуу жазуу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү менен байланышкан Улуттук адабият күнү болуп белгиленип келет. Бул майрам – улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнөбүздүн майрамы!
Улуу күндүн урматына арналган майрамдык салтанат ОшТУнун жаштар комитети жана кыргыз жана орус тилдер кафедрасы тарабынан факультеттер аралык белгиленди. Мында улуу жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларын даңазалоо боюнча студенттер арасында театрлаштырылган сынак өткөрүлдү. Сахнада Айтматов ааламындагы чыгармалардан үзүндүлөр аткарылып, катышуучуларга жагымдуу маанай тартууланды.
Сынакта ылайык улуу жазуучу жаратып кеткен чыгармалардан үзүндү аткаруу, жазуучунун өмүр баяны жана чыгармаларына таандык болгон суроолорго жооп берүү жана көркөм окууларды окуу шарттары коюлган.
Ааламдашуу алкагында өнүгүүнүн жогорку деңгээлинде бара жаткан дүйнө коомчулугу менен бирге биздин элибиз да, биздин муун да тез өнүгүп бара жатабыз. Ошондой болсо дагы улуттук баалуулукту туу туткан элибиздин уучу кур эмес. Жаштарыбыздын бүгүнкү сахнада чыныгы кыргыз элине таандык болгон Айтматовдун чыгармаларындагы турмуштук көрүнүштөрдү чагылдыруусу биздин элдин түбөлүктүүлүгүн билдирет.
Конкурс өз кезегинде соңуна чыгып, жыйынтыгында калыстар тобу биринчи орунду архитектура жана курулуш факультетинин, экинчи орунду автоунаа жана тейлөө факультетинин студенттерине, ал эми үчүнчү орунду кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенттерине ыйгарышты. Жеңүүчү командалар дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.