Ош технологиялык университети менен Фергана политехникалык институтунун ортосунда кол коюлган «Кызматташуу меморандумунун» негизинде Ош технологиялык университетинин Архитектура жана курулуш факультетинин деканы, доцент У.Джусуев баштаган делегация Фергана политехникалык институтунда иш сапары менен болду.
Иш сапардын негизги максаты – жогорку окуу жайлардын ортосундагы байланышты мындан ары өнүктүрүү жана чыңдоо. 2022-2023-окуу жылында ушул түзүлгөн кызматташтык көпүрөсү аркылуу профессорлор жана окутуучулар бакалавриат курстарынын студенттерине барып, адистик жана адистик эмес предметтери боюнча лекцияларды өткөрүштү.
Бул иш сапарда Фергана политехникалык институтунун курулуш факультетинин деканы Ш.Давлятов Ош технологиялык университетинин окумуштууларына университеттин курулуш факультетинин структурасы жана иштөө механизми менен тааныштырып, эки тектеш адистиктерди даярдоодо кызматташуу боюнча макулдашышты.