«Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы» кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Ирматова Жылдыз Камиловна жана ТПиСХП-20 тайпасынын студенттери менен биргеликте Кыргызпатент тарабынан жарыяланган «40 айыл, 40 долбоор» аттуу социалдык долбоорго катышып, сунуш кылынган 98 иштин ичинен тандалып 2-турга өттү. Мында Кыргызстандын жети облусунун ар түрдүү аймактардан тандалып алынган долбоорлор үчүн 7-декабрдан баштап Кыргызпатент тарабынан акселерациялык окутуу уюштурулуп жатат.
Акселерациялык окутуунун мөөнөтү эки ай. Бул аралыкта бизнести өнүктүрүү, уюштуруу жана финансылык сабаттуулук боюнча дасыккан тренер, консультанттар сабак өтүшөт.
Кыргызпатенттин жалпы уюштуруу тобуна кафедранын жалпы жамаатынынын атынан кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери үчүн долбоорлорду иштеп чыгууга шарт түзүп берип жатышканы үчүн ыраазылык билдирилет.