Пермь политехникалык улуттук изилдөө университетинен техника илимдеринин кандидаты, доцент В. В. Поплыгин биздин окуу жайга атайын иш сапар менен келди. ОшТУнун ректору Ж. Ж. Турсунбаев келген конокту кабыл алып, эки университет ортосунда кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү.
Пермь университети менен биздин университетте окшош, тектеш адистиктер/багыттар бар болгондуктан эл аралык билим берүүдө жана кадр даярдоодо биргелешип аракет кылуу маселелери каралды. Андан соң университеттин тышкы байланыштар жана инвестиция боюнча проректордун кабыл алуусунда болуп эки тараптуу кызматташууда мындан аркы аткарылуучу иштер жана алгачкы аракеттер боюнча талкууланды.
Пермь университетинде 15600 студент, 490 аспирант окуйт. Акыркы 65 жылдын ичинде 150 000ден ашуун адистерди даярдап чыгарган жана учурда бул университеттин бүтүрүүчүлөрү Россиянын өндүрүшүндө ийгиликтүү эмгектенип жатышат.